Баткенде окуучулар арасында массалык мушташ орун алып, 3 окуучу жаракат алганы айтылды

Баткен облусунун Баткен районунда мектеп окуучулары арасында массалык мушташ орун алды. Алардын мушташып жаткан видеосу социалдык тармакка тарады. Анда балдар бири-бирин тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Кара-Бак айылында орун алган, жаңжалдын кесепетинен 3 окуучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан окуя боюнча маалымат даярдалып жатканын билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан