Күрөш: "Корккону даана байкалып". Айсулуу Тыныбекова экинчи атаандашын ири эсепте жеңди

Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн кыргыз балбаны жеңүүчү аталган.

Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 11:1 эсебинде жеңишке жетти. Атаандаштын коркуп күрөшүп жатканы даана байкалды.

Кийинки жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу балбан кыз менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhazgul98
2021-04-16 12:47:14
Татыктуу жана сүйкүмдүү Айсулуу красавица, чыныгы сулуу жана ийгиликтүү спортчу, женишиң менен куттуктайм! Сага алдыга койгон максаттарыңды так көрүп, кыялдарыңды тайманбастык менен жана ишенимдүү жолуктуруп, турмуштагы ар кандай маселени мыкты жана оңой чечип, жеңиштүү бийиктиктерге жетип, чыныгы бактылуу айым бойдон калууңду каалайм.
+9
tannuru1503
2021-04-16 12:52:13
Ак эмгеги, мандай тери менен озунун атын дуйного тааныткан азамат балбан кызыбыз, ар дайым жеништин устундо болуп, Кыргызстанды дуйного таанытып журо бер
+9
Aiymkan89
2021-04-16 13:05:58
Молодец Айсулуу супер
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан