Назира Марсбек кызы үчүнчү атаандашын 11:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Мелдешке 57 килограмм салмакта катышкан Назира Марсбек кызы алгач эле монголиялык Батцецег Алтанцецег аттуу балбан кыз менен кез келип, 7:0 эсебинде жеңилип калган.

Кийинки жүрүшүндө дагы кыргыз балбаны индиялык Аншу аттуу балбан кыз менен кез келип, беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашына 10:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.

Үчүнчү беттешинде кыргыз балбаны өзбекстандык Севара Эшмуратова менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгү 7:0 эсебинде аяктады. Экинчи бөлүктө Назира Марсбек кызы дагы 4 упай алды. Жыйынтыгында жалпы эсеп 11:0 болуп, кыргыз балбаны жеңүүчү аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-16 13:33:40
Азаматсынар кыздар силерге ийгилик. Алдыга карай умтулуп журо бергиле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан