Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн кыргыз балбаны жеңүүчү аталган.
Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 11:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Үчүнчү беттешинде Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу балбан кыз менен кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө эле Айсулуу Тыныбекова атаандашын 10:0 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына чыкты.