Баткен облусунда мектеп окуучулары арасында массалык мушташ болуп, анын кесепетинен 3 бала ооруканага түшкөнү кабарланган.
Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя кечээ, 15-апрелде саат 13:30 чамасында орун алган. Анда Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-классынын окуучулары ортосунда мушташ чыккан.
"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрелде кечки саат 23:00 чамасында Кара-Бак айылынын 15 жаштагы 4 өспүрүмү кайрылгандыгы белгилүү болду. Ошондой эле балдардын массалык мушташуусунун себеби уруу-уруу болуп бөлүнүү экени аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("бейбаштык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешти мекемеден.