Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.
Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова атаандаштарынын үстүнөн ири эсепте жеңишке жетип, турнирдин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.