Айыл өкмөттүн имаратын басып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү болжол менен саат 06:48 чамасында Чүй облустук милицияга Пригородное айыл өкмөтүндө бир нече жаран нааразычылык акциясын өткөрүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
"Такталгандай, ошол эле күнү болжол менен саат 06:00 чамасында аталган аймактын айыл өкмөтүнүн имаратына 9-10 аял келип өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп, мекеменин ичинен бекитип алышкан. Алардын негизги талабы өздөрү алган насыя маселесин чечүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 208-берене "имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө аталган имараттын айланасы жарандардын коопсуздугу үчүн курчоого алынган. Саат 15:00 чамасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин аялдар аталган имаратты бошотушту. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде бардык зарыл болгон тергөө оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, кечээ, 15-апрелде бир нече аял насыяларды жокко чыгарууну, деги эле Кыргыз өлкөсүндө насыяны жоюуну талап кылып нааразы болуп чыгышкан. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял айыл өкмөтүнүн имаратына кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү жана вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң, имараттын ичиндеги аялдардын эки-үчөө вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр менен жолугушканы маалым болгон.