Бишкекте бейбаштык кылганга шектелип эки жаран кармалды. Алар борбор калаадагы түнкү клубдардын биринде эс алып жүргөн адамды сабаганга шектелүүдө.
Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 3-апрелде шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда түнкү клубдун дааратканасында арыздануучуну эки жаран сабап кеткени айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 226-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 30 жана 31 жаштагы эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.