Бишкекте жиу-житсу боюнча республикалык чемпиондук өттү. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-12-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Бардыгы болуп мелдешке республиканын 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 320 спортчу катышты.
Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын жиу-житсу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.