Бишкек: "Соода борборуна жардыргыч зат коюлду" деген маалымат тастыкталган жок
Борбор шаардагы "Бишкек Парк" соода борборуна жардыргыч зат коюлгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнист Осмонбаевдин айтымында, аталган министрликке белгисиз бирөө саат 16:10до телефон чалып соода борборунда жарылуучу зат коюлганын кабарлаган. УКМКнын сапёрлору аталган жайда тинтүү жүргүзүп, эч нерсе табышкан жок.