Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен келишимин дагы 2 жылга узартты

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жаш жана таланттуу оюнчуларынын бири Гүлжигит Алыкулов коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубу менен дагы 2 жылга келишим түздү. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Гүлжигит Алыкулов клуб менен келишимин дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү менен 2023-жылдын аягына чейин узартты", - деп жазылат футболдук клубдун сайтында.

Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна Беларусь өлкөсүнүн "Неман" клубунан 2020-жылдын январь айында өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-04-16 22:23:28
Ушул сезонду жакшы откоруп озунду корсотуп,кийинки жылы Европага кет эми.Биз сени кучтуу клубдарда ойногонуну коруп сыймыктанып,колдоп туралы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан