Баасы болжолдуу 320 миң сом. Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан тоок эти аныкталды

Баткен облусунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан тоок эти аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы кармалган. Унааны 31 жаштагы Тажикстандын жараны башкарып бара жаткан. Ал эки тонна тооктун буттарын Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, аткезчиликтин жалпы баасы болжол менен 320 миң сомду түзгөн. Кармалган жаран жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан