Бишкек шаарынын Бах көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 17-октябрда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кырсыктын кесепетинен аянты 180 чарчы метр болгон үйдүн чатыры күйүп кетти. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.