Жалал-Абад шаарындагы Төш-Кутчу айылына жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала бакча эки кабаттуу болуп, 100 балага ылайыкташкан.
"Учурда курулуштун баштапкы иштери жүрүүдө. Курулуш ишин тендерден 16 миллион сомго утуп алган "Асема" ЖЧК жүргүзүп жатат", - деп кошумчалашты мэриядан.