Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова неберелүү болду. Бул тууралуу ырчы айымга байланышканыбызда, алтынчы небереси экенин айтып, кубанып жатканын билдирди.
"Үй-бүлөбүз толукталып, кубанычыбыз коюнубузга батпай турган чагы. Эң кичүү уулум кыздуу болду. Уулум биринчи жолу ата болуп, тим эле аябай кубанып жүрөт. Ал эми наристе менин алтынчы неберем.
Келиним кечээ түнкү саат 3төрдө көз жарды. Неберемдин салмагы 3 килограмм 120 грамм. Буюрса, дүйшөмбү күнү төрөт үйүнөн чыгарабыз", - деди ырчы Алина Жетигенова.