Бүгүн, 17-апрелде Тажикстанда өткөн эл аралык марафондо Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
"Дарья Маслова аялдар арасында 21,1 чакырымдык классикалык аралыкты биринчилерден болуп басып өтүп, алтын медалга ээ болду", - дешти аталган агенттиктен.
Эске салсак, буга чейин жөө күлүк эл аралык Ташкент марафонунда дагы алтын медалга ээ болгон.