Чүйдүн Арашан айылындагы тоодо чыккан өрт толук өчүрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында тоодо куураган чөптөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 12:59да Октябрь райондук №5 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Мындан сырткары саат 13:23тө Аламүдүн райондук №1 өрт өчүрүү кызматынан 4 куткаруучу, Улуттук гвардиянын №10127 аскер бөлүгүнөн 10 жоокер тартылган.
Өрт саат 18:00дө толук өчүрүлгөн, болжол менен 70 гектар күйгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан