17- апрель күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын чоң сахнасында 20 жылдан ашык тыныгуудан кийин "Акмөөр" опера-дастаны кайрадан жаңыртылып коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, биринчи вице-премьер министр Артём Новиков баш болгон аткаминерлер күбө болушкан.
Опера-дастандын дирижёр-коюучусу кыргыз эл артисти Жумакадыр Каныметов, койгон режиссёр эмгек сиңирген артисти Искендер Сартбаев, койгон сүрөтчү эл артисти Маратбек Шарафидинов, балетмейстер - коюучу Тилек Кийизбаев, хормейстер – эмгек сиңирген артист Карагул Тиленчиев. Либреттосун жазган кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов.
Аталган операны кайрадан калыптандырууда формалар жаңыртылып, чыгармачыл курам дагы өзгөртүлдү.
Акмөөрдүн ролун Айзирек Момунова, Болоттун ролун Тилек Найманбаев, Жантай хандын ролун Кайымбек Кускаков аткарган.
Эске салсак, аталган опера алгачкы жолу коюлганына 20 жылдан ашык убакыт болду. Анда Керим Турапов - Болоттун ролун, ал эми Акмөөрдүн ролун Эсенбүбү Нурманбетова аткарган.