"БУМ!". УЕФА уюму жаңы түзүлгөн турнирдин клубдарына жана футболчуларына олуттуу санкцияларды киргизет

УЕФА уюму Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы түзүлүп жаткан Европа Супер Лигасына катыша турган клубдарга жана оюнчуларга олуттуу санкцияларды киргизет. Бул тууралуу УЕФА уюмунун басма сөз кызматына таянуу менен чет элдик спорт басылмалары жазды.

"Супер Лигага катыша турган бардык клубдар жана оюнчулар Европадагы эл аралык УЕФАнын жана ФИФАнын бардык мелдештеринен четтетилет", - деп билдирген уюмдун басма сөз кызматы.

Буга чейин Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы Европа Супер Лигасы кабыл алынгандыгы жарыяланган. Кабыл алынган жаңы турнирге дароо эле мыкты делинген 12 команда катышуу ниетин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-04-19 10:32:48
Анда кучтуу оюнчулар Чемпионат Европы,Дуйно чемпионатына да катыша албай калат экенда.Ото строго санкция киргизиптир.Супер лигага кошулгандар ойлоно тушту болуш керек.))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан