Бишкекте түн жарымында келинчегин кургак сүттүн калай идиши менен башка чаап жиберген. Айыпталуучу жазадан бошотулду

Мындан бир ай мурун Бишкекте мас абалдагы күйөөсү келинчегин эки айлык наристесине 60 грамм сүт беришиң керек болчу деген шылтоо менен сабаган. Байкабай турган жубайын кургак сүттүн калай идиши менен башка бир жолу чаап жиберген жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 16-март күнү түндө болжол менен саат 00:00дөр чамасында Бишкек шаарында болгон. Анда айыпталуучу Заводской аймагында жайгашкан үйүнөн мас абалында келинчегине кол көтөргөн. Ал эки айлык баласына жасалма сүттү 60 грамм беришиң керек болчу деген шылтоо менен жубайын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, анын укуктарын, эркиндиктерин бузуп, ага психикалык азап келтирген. Келинчеги байкабай тургандыгынан пайдаланып, аны "NAN" аталыштагы кургак сүттүн калай идиши менен башка бир жолу чаап жиберген.

Айыпталуучу 1987-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган, Кыргыз жараны, үй-бүлөлүү, билими орто. Учурда убактылуу унаа жуучу жайында иштеп, Сокулук районуна караштуу Орок айылында жашайт.

Бул факты боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалып, айыпталуучу жубайына "ден соолугунун кыска убакытка бузулушуна алып келбеген, жеңил жаракат келтирилгендиги" аныкталган.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган

Соттук отурумда жактоочу сотко өтүнүч келтирип, иш боюнча айыпталуучу менен жабырлануучу экөө элдешип материалдык жана моралдык зыян ордуна келтирилгенин билдирген. Ошондой эле жабырлануучунун эч кандай доосу жоктугун көрсөтүп, айыпталуучуну Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуп, ага карата козголгон жорук ишти кыскартып берүүнү сураган.

"Мен жубайым менен өз ара элдешип алганыбызга байланыштуу жазык ишти кыскартууну суранам", - деген ал өз көрсөтмөсүндө.

Соттук отурумда жабырлануучу дагы айыпталуучу менен өз ара элдешип алгандарын билдирип, күйөөсүн бошотууну суранган.

Өкүм:

Сот келтирилген тараптардын ой-пикирлерин угуп, иш материлдарын терең изилдеп чыгып, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келет: Айыпталган К.А.А. жоопкерчиликтен бошотулсун, жорук иши тараптардын өз ара жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылсын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-04-20 07:12:21
Бок жегени жазасынбы милицияга, өзүндү өзүң пас кылып. Болбогон эркек башынан эле болбойт, болтурам деп милицияга берсен хуже кылып аласын. Бердинби биротоло токтот нары, катуу туруп.
+2
Asmat84
2021-04-20 20:43:43
Азыр демократия деп алышып эле аял эркек бири бирине баш ийбеген бири бирин сыйлабаган заман болду.
Уй бүлөөдө болобу же жумушта болобу. Мамлекетте болобу бир адамга баш ийген бир адамдан сестенип турган жакшы нерсе. Үй-бүлөдө атанын орду жогору туруш керек. Анча мынча какыс кокус кылып сүр көрсөтүп турганы жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан