Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы кечээ, 18-апрелде кабыл алган.
Партиянын лидери Илим Карыпбеков бул чечим негизсиз экенин SUPER.KG порталына билдирди. "Мындай чечимге биз каршыбыз. Себеби Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы социалдык тармактарда чыккан ушак видеолорду негиздеп чечим чыгарышты. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылабыз", - деди ал.
Аталган партия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо алдын ала жыйынтыктар боюнча, 3-орунду ээлеп, 8 мандат берилиши мүмкүн экени маалымдалган.