Ысык-Атада баңгизатын алып жүргөн шектүүлөр кармалды

Чүй ОИИББинин кайгуул күзөт кызматкерлери баңгизатын алып жүрүүгө шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында Ысык-Ата районунун аймагында өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасынын алкагында облустун кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналы тарапта балдардын жүргөнү шек жараткандан улам документтерин текшерүү учурунда алар каршылык көрсөтүп качып кетүүгө аракет жасашкан.

Кайгуул күзөт кызматкерлери тарабынан ал балдар кармалып, алардын жанынан целлофан баштыкка салынган кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган. Шектүүлөр 1991-жылы туулган Н.А. жана 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу балдар Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан