Сиз уктап турганча футболдо жаңы турнир түзүлүп, Чемпиондор Лигасы коркунучка кептелди. Эмне болуп кетти? Демилгечи ким? Кимдин акчасы жана эмне үчүн азыр?

Бүгүн, 19-апрелде футбол дүйнөсүндө укмуштуудай жаңылык тарады. Тагыраагы, Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы, таптакыр башка Европа Супер Лигасы түзүлдү.

Ири футболдук клубдар жаңы турнирге катышуусун массалык түрдө тастыктап жатышат. Флорентино Перес ("Реал Мадрид") - жаңы турнирдин президенти, Жоэл Глэйзер ("Манчестер Юнайтед") менен Андреа Аньелли ("Ювентус") Перестин орун басарлары. Алар жаңы турнирди август айында баштоону көздөп жатышат.

Эмне болуп кетти?

Европадагы 12 ири клуб Супер Лига түзүлгөнүн жарыялады. Бул клубдар каражатты жакыр командалар жана УЕФА уюму менен бөлүшкүсү келбейт. УЕФА буга чейин жаңы турнирге кирген клубдарга бардык ички жана эл аралык мелдештерге катышууга тыюу салынарын жарыялаган. Ошол эле учурда Супер Лиганын футболчулары улуттук курама командаларда ойной албайт.

Кимдин демилгеси?

Жаңы турнирди түзүү демилгеси "Реал Мадрид" клубунун президенти Флорентино Перес жана "Ювентус" клубунун президенти Андреа Аньеллиге таандык. Аньелли "Ювентустун" президенти гана эмес, 246 футболдук клубдун кызыкчылыгын коргогон Европа Клубдар Ассоциациясынын башчысы катары дагы иштейт.

Кимдин акчасы?

Жаңы турнирдин башкы демөөрчүсү - Европадагы ири банктардын бири болгон "JP Morgan" банкы. Ал Супер Лигага 4 миллиард 600 миллион фунт стерлинг салууга даяр экендиги белгилүү болду. Банк өзү каражатты эфир сатуудан түшкөн кирешеден алууну күтүүдө.

Ошондой эле DAZN спорт кызматы телекөрсөтүү укугу үчүн 3 миллиард 500 миллион евро төлөөгө даяр.

Супер Лиганын жалпы 15 клубу 3 миллиард 100 миллион фунт стерлинг (89 миллиондон 310 миллионго чейин) алышат. Акчаны стадиондорго, машыгуу жайларына жумшай алышат.

Супер Лиганы өткөрүү форматы кандай болот?

Демилгечилердин планы боюнча, Супер Лигада 20 клуб болуш керек. Алар 10 командадан турган эки тайпага бөлүнөт. Тайпада эки тур менен бардыгы бири-бири менен ойношот. Башкача айтканда, тайпада ар бир катышуучуга 18 беттеш өткөрүүгө туура келет. Жаңы турнир август айында башталышы мүмкүн.

Беттештер жуманын ортосунда (Чемпиондор Лигасынын ордуна) ойнолот. Мындан улам эгер УЕФА уюму уруксат берсе Супер Лиганын клубдары өз чемпиондуктарында ойной алышат.

Эки тайпадан үч мыкты команда чыгат. Төртүнчү жана бешинчи орунду алган командалар плей-оффко чыгуу үчүн эки беттеш өткөрүшөт. Чейрек финал жана жарым финал эки беттеште ойнолот (Үйдө жана конокто). Ал эми финал май айында нейтралдуу талаада ойнолот.

Эркектердин Супер Лигасынын форматына эл көнүп, турнир бир нукка түшкөн соң уюштуруучулар ушул эле формат боюнча аялдардын турнирин башташат.

Эмне үчүн азыр?

Башында Чемпиондор Лигасынын жаңы форматы март айынын аягында көрсөтүлүшү керек болчу. Бирок талап кылынган күнгө чейин УЕФА уюму Европа клубдарынын ассоциациясы менен бир бүтүмгө келген эмес. Билдирүүдөн бир күн мурун, УЕФАнын клубдук мелдеш комитетинин отурумунда Европа Клубдар Ассоциациясынын өкүлдөрү ассоциация бардык маселелер боюнча ички келишимге келе электигин билдиришти. Эң мыкты клубдардын негизги нааразычылыгы - алар көбүрөөк атактуулукту жана активдүү, кымбат сатылган эфирлерге чыгууну каалашат.

Учурда УЕФА уюму айрым көзөмөлдү клубдарга өткөрүп берүүгө даяр. Бирок негизги чечимдерде өз укугун сактап, киреше кепилдигин алгысы келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
benzema4
2021-04-19 13:27:18
Мындай топ командалар оюнун Бир жолу эле корсон кызык болсо керек жылына ойной берсе кызыгы жок болуп калат... лига чемпионов жакшы болчу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан