Акыркы күндөрү өлкөбүздө болуп жаткан жагымсыз жаңылыктарды унуткарып, элди сыймыкка бөлөгөн биздин спортчуларыбыз экени талашсыз.
Жакында эле Алматы шаарында өткөн турнирлерде балбандарыбыз алтын медаль тагынып, жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышты. Балбандарыбыздын Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип дүйнөгө таанытып жатканы кубандырбай койбойт.
Белгилүү спорт диктору Канай Аламановдун өздүк архивине таандык видеону балбан Каныбек Жолчубеков жарыялады. Аталган видеодон кыргыздын белгилүү балбандарынын машыгып жатканын көрүүгө болот.