Бишкекте УКМКнын мурдагы кызматкери унаасы менен 21 жаштагы кызды сүзүп кетти
Бишкектин Москва көчөсүндө 17-октябрда саат 18:20 чамасында Мицубиси Паджеро автоунаасынын 61 жаштагы айдоочусу
Б.Полуэктов
(УКИКнын запастагы генерал майору) унаасы менен 21 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Иликтөөлөрдө айдоочу мас абалында болгону да аныкталды. Бул факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тергөө жүргүзүүдө. Автоунаа айып аянтчасына токтотулду.