Ошто алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто алдамчылык жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, апрель айында Ош облусунун тургуну ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы боюнча чара көрүүнү суранган. Арызда январь айында Кара-Суу районунун айылдарынын биринде жайгашкан мал базарда чала тааныш киши арыз ээсинин ишеничине кирип, беш баш букасын 280 миң сомдон ашык баалап сатып алып анын 30 миң сомун берип, калган акчасын бир айдан кийин берем деп ушул күнгө чейин бербей качып жүргөнүн жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14-апрель күнү бул кылмышка шектүү деп Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алынган маалымат боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан