Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-март күнү Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринен белгисиз жаран Deluxe үлгүсүндөгү компьютердин эки катуу дискин жашыруун түрдө уурдап кеткенин жазган. Анын баасы 1 миң долларды түзгөн. Жалпысынан арыз ээсине 2 миң доллар чыгым кетиргени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.