Биз социалдык тармакта

Бишкекте унаа айдап качууга шектелип өспүрүм балдар кармалды

Бишкек шаарында унаа айдап качканга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде болжол менен саат 03:43 чамасында 102 кызматына Көк-Жар кичи районунан унааны мыйзамсыз айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдап качуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда болжол менен саат 03:20 чамасында Гольф-3 үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар мыйзамсыз айдап кеткендиги аныкталган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе Достоевский көчөсүнөн айдап бара жаткан жеринен кылмышка шектүү катары 17,16 жаштагы балдар кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан