Саламаттыкты сактоо министри: "Жанар Акаев менден өч алганы жатат. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам"

Депутат Жанар Акаев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө сунушун берип, аны Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин мүчөлөрү колдошту.

Бул боюнча SUPER.KG порталы Алымкадыр Бейшеналиевге байланышканда төмөндөгүдөй жооп берди.

"Мени кет дешсе кете берем. Силер да кет десеңер кете берем. Жанар Акаев өзүнүн жардамчыларынын бирин "башкы дарыгер кылып кой" дегенде койбой койгом. Ал өч алайын деп жатат. Мен кайсы депутат өз кишилерин кызматка коюп бер деп суранганын айтам. Анан депутаттар менден көрөт. Бактыбек Райымкулов дагы өзүнүн тааныштарын кызматка коюп бер деп суранган. Калгандарын айтпай турайын, бир нерсе болсо айтам", - деди ал.

Жанар Акаев: "Уу коргошунду пропагандалап жатканын дүйнөлүк басылмалар шылдыңдап жазып жатышат"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Elaman0693
2021-04-19 16:15:17
Жанар Акаев эч бироого жакшылык кылбачу, жакшы иштеп жаткан адамга да жакшы созун айтпайт!!! Кыргыз бир туугандар
Жанар кооз суйлосо эле, жакшы эмес
+14
ma2as
2021-04-19 16:44:46
Ошончосунун адамын койбой отказ кылыпсын , Садыр Жапаровтун деле дарыло ыкмасын колдобой койбопсунда , клоун болбой .
0
bond02
2021-04-19 17:03:49
Мамлекет эмне болуп жатат, булар эмне болуп жатат.
+7
KAYRATBEK
2021-04-19 18:19:57
Жанар Американын кыргызстандагы агенти азатыктын нанын жеп чонойгон бала. Азаттык жана НПОчулар кыргызстанга жакшылык кылайын деген тушуно дагы кирген эмес.
+13
nurka_85
2021-04-19 19:24:46
Барбайм Кыргызстанга. Башчыларыбыз ушинтип отурса такыр келечек жок окшойт
-5
JaneEr
2021-04-19 20:02:42
Жанар кетсин!!!,Эмне жакшылык кылды озу элге????
+6
nazira...
2021-04-19 20:04:42
Жанар өзү болбогон бала экен, Чубак ажы туура эле билгендей нараазы болгон экен да буга.
+12
Azat-123
2021-04-19 21:35:00
nazira...,туура айтасың, Раматылык Ажыкебиз: убагы келгенде Жанардын жаназасына катышбагыла деп туура эле сунуш берип кетиптир
+6
portugalia
2021-04-20 05:28:07
Тили менен буудай кууруйт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан