Орусиянын Иркутск шаарында сот өзүн СССРдин жаранымын деп жарыялаган жубайларды батиринен ажыратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, күйөөсү менен аялы ипотека насыясын төлөөдөн баш тартышып, себебин алар азыркы өкмөттү жана анын мыйзамдарын тааныбайбыз деп билдиришкен.
Жубайлар Орусия Федерациясынын жарандары катары банктан насыя алып, бирок кийинчерээк өздөрүн андай деп таануудан баш тартышкан.
Банк жубайлардан 1 миллион 600 миң рубль өндүрүп алууну талап кылган. Жубайлар соттун чечимин өз ыктыяры менен аткарган эмес. Андан кийин сот күрөөдө турган бир бөлмөлүү батирди камакка алган. Кыймылсыз мүлк аукционго өткөрүлүп, ийгиликтүү сатылып кеткен, киреше ипотека карызын төлөөгө жетиштүү болду.