Сузактагы кыз ала качуу: Шектүүнүн дагы эки досу кармалып, бирөө изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 18 жаштагы кызды ала качкан окуя боюнча облустук милиция кошумча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 21:30 чамасында Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында 2003-жылы туулган кызды үйүнүн алдынан өзүнө сырттан тааныш болгон Бека аттуу бала достору менен биргеликте күч колдонуп Деу-Матиз үлгүсүндөгү унаага салып кетишкен. Жалал-Абад шаарынын Дача аймагына жеткенде кыздан "турмушка чыгасыңбы же каршысыңбы?" деп сурашкан. Кыз каршылыгын билдиргенде аны унаадан түшүрүп коюшуп, өздөрү из жашырып кетишкен.

"Кыздын денесинде жаракат бар же жок экендигин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектүү атуулдарды аныктап, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн аты-жөнү такталган.

16-апрель күнү ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун 2004-жылы туулган Б.Б аттуу тургуну шектүү катары кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын баш коргоо чарасы каралып, бир айга камакка алынган. Ошондой эле унаа дагы айып короосуна токтотулган. Кармалган шектүүнүн окуяга тиешеси бар делинген эки досу кармалып, тергөөгө чакырылган, дагы бир баланы кармоо боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда. Учурда бул сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары толук кандуу мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek-1982
2021-04-19 18:19:06
Кайра жеткирип койсонор болмок кечирим сурап ошондо жакшы болот эле Эми канынарды сорот
+3
Rusi79
2021-04-19 20:40:33
Биздин эл кайда баратабыз кылба дегенди кылып, качан башыбыз мн ойлонобуз,бир элеижерибиз мн ойлонуп калдык.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан