Хабиб Нурмагомедов жаңы Европа Супер Лигасынын түзүлүшүнө реакция кылды

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Европанын алдыңкы футболдук клубдары Супер Лига түзүлгөнүн жарыялады деген кабарга реакция жасады. Ал 433 басылмасынын социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган.

“No way (мүмкүнчүлүк жок)", - деп жазган Нурмагомедов Супер Лиганын түзүлүшү боюнча жаңылыктын астына.

Кечээ, 19-апрелде футболдо укмуштуудай жаңылык тарады. Анда Европанын эң алдыңкы 12 футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы, таптакыр башка Европа Супер Лигасынын түзүлгөндүгүн жарыялашты. Чемпиондор Лигасынын ордуна кабыл алынып жаткан Европа Супер Лигасын өткөрүү форматы тууралуу шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан