Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорт аренасында жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу аяктады. Мелдеш 17-18-апрель күндөрү өткөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, мелдешке республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан жалпы 169 спортчу катышкан.
Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясы тарабынан өткөрүлдү.