Чүй облусунун Сретенка айылында вандализм фактысына шектелип, 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз адамдар аталган аймакта жайгашкан көрүстөндөрдүн бириндеги мүрзөнүн курулуштарын жана эстеликтерин бузуп кетишкени тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган бала кармалган. Учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.