Кеминде мал уурдоого шектүүлөр кармалды. Алар дагы бир нече уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталган

Чүйдүн Кемин районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалышып, алардын дагы бир нече уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү Кемин районунун Кара-Булак айылында мал уурдоо фактысы катталгандыгы тууралуу милициянын аймактык тескөөчүсүнө маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери дароо окуя болгон дарекке чыгышкан.

Териштирүү учурунда жергиликтүү жашоочунун сарайына белгисиз бирөөлөр кирип, 2 баш музоосун уурдап дагы майда мал жандыктарын уурдоого аракет кылып жаткан учурда үй ээсин байкап калып, уурулар из жашырып кетишкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, айылга жакын жайгашкан талаадан унаа табылган. Музоо унаанын багажынан табылган. Ал эми шектүүлөр таксиге отуруп Бишкек шаарын көздөй качууга аракет кылып, бирок Кемин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар 1983-жылы туулган А.Н. жана 1985-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар. Алар териштирүү маалында кармалган жарандардын Жайыл, Москва, Аламүдүн, Токтогул райондорунан жана Талас, Ысык-Көл облустарында мал уурулук боюнча 12 кылмыш фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Шектүү жарандар көбүнчө түнкүсүн бодо мал уурдап жүргөндүгү маалым болгон. Кылмышка шектүүлөр Кемин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Assalomuallekum
2021-04-19 19:56:13
Камалабы же жон эле чыгып кетеби булар, кандай чара колдонулат ,кой урдаса камалбай жургондор бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан