Биз социалдык тармакта

Ошто электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан улам мектептин имаратынан өрт чыкты

Ош шаарында мектептин биринчи кабатынан өрт чыгып, бактыга жараша жабыркагандар катталган жок. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 19-апрелде саат 11:40 чамасында чыккан.
Белгилүү болгондой, Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинин биринчи кабатындагы Ош шаардык мэриясына караштуу көп тармактуу үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун социалдык бөлмөсүнөн өрт чыккан. Өрт чыккан жерге бир бөлүм тартылып, өрт саат 12:01де толугу менен өчүрүлдү.
"Өрт электр чубалгыларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Жабыркагандар жана каза болгондор катталган жок", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан