"Газпром Кыргызстан" Бишкек шаарынын жеке секторундагы абоненттерди инвентаризациядан өткөрөт

2021-жылдын 19-апрелинен август айына чейин жаратылыш газын коопсуз колдонуу максатында компаниянын контролёрлору Бишкек шаарынын жеке секторундагы үйлөрдү кыдырышып, газ менен иштеген жабдуулардын туура орнотулгандыгын текшеришет: газ менен иштеген от казандарын, плиталарды жана алардын коопсуздук талаптарына жооп берерин. Газды коопсуз колдонуу боюнча милдеттенме газ жеткирип берүүчүгө дагы, колдонуучуга дагы бирдей жүктөлгөн.

Мындан тышкары абоненттерди инвентаризациядан өткөрүү төмөнкү учурлар үчүн дагы жүргүзүлөт:

  • мурунку ээсинин жаратылыш газынын төлөмүн кошуп эсептөөнү алып салуу үчүн абонент тууралуу маалыматты актуалдаштыруу;
  • газ менен камсыздоо тутумуна кошулуудагы ченемдердин жана эрежелердин туура келүүсүн аныктоо;
  • колдонулган жаратылыш газынын көлөмүн туура эсептөө.

Текшерүүгө келген контролёрдун "Газпром Кыргызстан" компаниясында иштей тургандыгын текшерүү үчүн анын кызматтык күбөлүгүнө, газ менен камсыздоо жабдууларын кароо үчүн берилген буйрукка жана кызматкердин фирмалык формасына көңүл буруңуз.

Ошондой эле контролёрдун толук аты-жөнүн Компаниянын Бирдиктүү сурап-билүү кызматынын 4444 номуруна (мобилдик операторлордон чалуу акысыз) чалып, тактап алсаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан