Чүйдө таанышын 1 миллион сомдон ашуун акчага алдаганга шектүү жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Москва РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин ири суммадагы акча каражатына бирөө алдап кеткенин айтып, анын кесепетинен кыймылсыз мүлкүнөн да айрылып калганын билдирген.

"2019-жылдын июнь айында арыз ээси таанышы менен ич ара келишип, банктардын биринен насыя алуу максатында арыздануучуга таандык болгон Москва районунда жайгашкан киши жашабаган имаратын жаранга сатып алуу, сатуу боюнча келишим түзүшкөн. Имаратты таанышына өткөрүп, алган насыяны төлөп бүткөн соң имаратты кайра ээсине кайтаруу боюнча макулдашуу болгон.

Таанышы имаратты өзүнө өткөрүп алган соң эки жолу ири өлчөмдө банктан насыя алып, каражаттын баарын өзүнүн керектөөсүнө жумшап, арыздануучуну алдоо жолу менен 1 миллион сомдон ашык акча каражатын банкка төлөтүп, насыя төлөнүп бүткөн соң имаратты башка бирөөгө сатып жибергенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы ишке шектелип 33 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан