Баткенде "Салттуу музыка күнү" жана эл аралык "Достук" фестивалы өтөт

Баткен шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 23-25-апрелге чейин созулат.
Фестивалга Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.
23-апрелде саат 10:00дө:
А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш-чаранын расмий ачылышы башталат. Аны менен катар Бишкек шаарында “Коомдук руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.
Саат 11:00-17:00гө чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);
24-апрель күнү (А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театры):
Саат 10:00-13:00гө чейин – “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);
Саат 14:00-17:30гө чейин - “Аваздык аспапчылык” багыт (ашыктык , раман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);
Саат 17:30-19:00гө чейин – Аспапчылык жана аваздык аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол.
25-апрель күнү (Баткен шаарынын борбордук аянты):
Саат 09:30-10:00гө чейин - Улуттук кийимдердин парады;
Саат 09:30–18:00гө чейин - Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө жарманкеси;
Саат 10:30 “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалынын Гала концерти өтөт.
Мындан сырткары 23-25-апрель күндөрү Маданият министрлигине караштуу балдар музыкалык, искусство мектептеринде, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларда “Салттуу музыка жумалыгына” карата ар кандай багыттагы иш-чаралар өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан