
Бишкекте уурулук кылганга шектелген жарандар кармалды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүлдөрдү үзгөндөр дал ушул адамдар болгон.
Маалым болгондой, 19-апрелге караган түнү саат 00:55 чамасында укук коргоочулардын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучунун телефонун тартып алганы кабарланган.
"Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барганда, 1993-жылы туулган жаран уюлдук телефонун жана акча каражатын тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1994-жылы жана 1997-жылы туулган жарандар кармалды.
Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("уурулук") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Белгилей кетсек, ушул эле жарандар Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындарды үзүшкөн", - деп маалымдашты мекемеден.