Бетиңиз жаш жана сулуу болсун десеңиз...

Бардык эле айымдар сулуу жана жаш көрүнүүнү эңсейт. Ал үчүн кээ бири хурургиялык, косметикалык же табигый ыкмаларды колдонсо, айрымдары туура кам көрүүнүн жолун биле бербейт. Орусиядагы "Доктор Борменталь" клиникасынын врач-косметологу Марина Шестова беттин жаш жана сулуу болушу үчүн эмне кылуу керектигин басылмалардын бирине берген маегинде айтып берген.

Косметологдун айтымында, беттин терисине кам көрүүнүн башаты - туура азыктануу. Башкача айтканда, жетиштүү витаминдерди колдонуу. Ага курамында С витамини бар карагат, лимон, апельсин, шпинат жана башка мөмө-жемиштер кирет. Беттин териси үчүн антиоксидант болгон Е витамини абадай эле зарыл. Ал үчүн авокадо жана брокколини колдонуу керек. Андан сырткары В витаминин алуу үчүн гречканы колдонууга болот. Эгерде организмде В витамини жетишсиз болсо, теринин тез картаюуусуна, териге ар кандай тактардын түшүүсүнө жана эриндин кесилүүсүнө алып келет.

Ошондой эле бетти самын менен жууганда тери кургап, сезгенчээк болуп, ар кандай тактар чыгып, тез картаюуусуна алып келерин айткан. Буга жол бербөө үчүн бетти атайын пенка же косметологдор сунуштаган бет жуучу каражаттарды колдонуу шарт. Беттин терисинин түрүнө жараша бет май, атайын маскаларды тынымсыз колдонуу керектигин билдирген.

Мындан сырткары беттин териси үчүн таза аба, сууну жетишерлик көлөмдө ичүү, теринин түрүнө жараша кам көрүү, туура азыктануу, спорт менен машыгуу жана жаман адаттардан, зыяндуу тез даярдалуучу тамак-аштардан баш тартуу керектигин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан