Далай жолу өзгөрүшүм мүмкүн деген ырчы Каныкей эми теле алып баруучу катары өзүн сынайт. Ал жергиликтүү телеканалдардын биринде атайын берүүлөрдү алып барары өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, алып баруучулук - чоң жоопкерчилик, ошентсе дагы бул кесип ага абдан жакты.
"Мен бул кесипке даярданып, атайын барган жокмун. Кокусунан эле дал келүү болуп калды десем болот. Негизи мага кыргыз тили, кыргыз чеберчилиги жагат. Бир жолу жеке иштерим менен TV1.kg каналына барып калсам, ал жактан "кыргыз тилинде жакшы сүйлөгөн, медиа тармагын билген алып баруучу таппай жүрөбүз, сиз көрбөйсүзбү" деп калышты. Мен бул сунушка макул болдум. Анткени мага берүүнүн курч темалары, терең маек кургандыгы жакты. Буюрса, ишти баштап, "Иш күндүн кечи" берүүсүнүн бир чыгарылышын тарттык. Мага алып баруучулук аябай жакты", - деди ал.