Ырчы, алып баруучу Сагын Эргешов бир канча күндөн бери Орусиянын ири шаарларында концерттик турне менен жүрөт. Мекендештерге жагымдуу маанай тартуулап жүргөн ырчы гастролу тууралуу бир аз кеп курду.
Айтымында, ал Москва, Питер шаарларында концерт койду.
"Орусияга биринчи жолу концерт коюп келдим. Иш-чарада күйөрмандарымдын көп келгени, гүл берип, ар кандай белектерди тартуулап жатканы жагымдуу болду. Концертте оюн-зоок дагы болуп, мекендештер активдүү катышты.
Баса, бул жакта Кыргыз өлкөсүндөгүдөй эле тойлор болот экен. Концертке чейин Москвадагы кыргыздардын тойлорунда кызмат кылып, мекендештерибиз аман-эсен, ээн-эркин жүргөнүн көрүп кубандым. Концертти түнкү саат 00:00дө баштап жаттык. Анткени метролор жабылып, эл жумуштан кеч чыгат экен. Ошолордун баарын эске алдык", - дейт ырчы.