"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 141 миллион 813 миң 257 адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 141 миллион 813 миң 257 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 81 миллион 116 миң 141 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 27 миң 182 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 20-апрелге карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 31 миллион 737 миң 347 болду. 567 миң 690 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 15 миллион 61 миң 919 адамдан аныкталды. 177 миң 150 адам каза болсо, 12 миллион 953 миң 821 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 13 миллион 973 миң 695 адам вируска кабылган. 374 миң 682 бейтап көз жумса, 12 миллион 344 миң 481 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан