Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан "Реал Мадрид", "Челси" жана "Манчестер Сити" клубдары турнирден четтетилиши мүмкүн

Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан Испаниянын "Реал Мадрид", Англиянын "Челси" жана "Манчестер Сити" клубдары турнирден четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу УЕФА уюмунун Аткаруу комитетинин мүчөсү Йеспер Меллер чет элдик спорттук басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Супер Лигага катышкан клубдар Чемпиондор Лигасынан кетиши керек. Мындай чечим жума күнү кабыл алынат деп күтүп жатам. Андан кийин биз Чемпиондор Лигасындагы ушул сезонду кантип бүтүрөбүз деп ойлонушубуз керек. УЕФАнын Аткаруу комитетинин кезексиз жыйыны жума күнү болот", - деген ал.

19-апрелде футболдо укмуштуудай жаңылык тарады. Анда Европанын эң алдыңкы 12 футболдук клубу, анын ичинде Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чыккан үч команда Чемпиондор Лигасынын ордуна жаңы, таптакыр башка Европа Супер Лигасынын түзүлгөндүгүн жарыялашты. Чемпиондор Лигасынын ордуна кабыл алынып жаткан Европа Супер Лигасын өткөрүү форматы тууралуу шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Foxes_CH
2021-04-20 23:21:30
Чемпиондор Лигасынын ордуна эмес жаны озунчо УЕФАга тиешеси жок турнир ачышты , Чемпиондор Лигасы ото берет бирок топ-клубдар катышпайт. Бавария, Дортмунд, Псж дан башкасы.
0
kanybek1986
2021-04-20 23:40:40
Ошондо ПСЖ чемпионбу учоо четтетилсе
0
Dembele84
2021-04-21 05:53:17
Кучтуу клубдар отказ бере баштады.Суперлига болбой калышы да мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан