Кыргызстанда 9 айда өрт кырсыгынан 44 адам каза тапты
Кыргызстанда жыл башынан бери 44 адам өрт кырсыгынан каза тапты, алардын
5и жаш балдар. Жаракат алгандардын саны 51 адам, алардын 11и жаш балдар. Бул
тууралуу бүгүн, 18-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өрткө каршы мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча 9 ай ичинде өлкө аймагында 2824 өрт
кырсыгы катталып, келтирилген чыгым 227 миллион сомду түздү. Мурунку жылга салыштырмалуу
өрт кырсыктары 9,6 пайызга, чыгымдар 18 пайызга өстү.