Орусиядагы оппозиция башчысы Алексей Навальный абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Белгилүү болгондой, Навальный Владимир облусундагы №2 түзөтүү абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мезгилде ачкачылык акциясын баштаган. Анын ден соолугу канааттандырарлык экени айтылды. Бир канча күндөн бери тамактанбай жаткан саясатчыга өзүнүн макулдугу менен витамин сайылганы маалымдалды.
Буга чейин абактагы дарыгерлер Навальныйдын ден соолугу оорлоп, анын жүрөгү токтоп калуу коркунучу бар экенин айтышкан.
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.