Бишкекте түн ичинде 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 3 жаран жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:41 чамасында Тойота-Камри үлгүсүндөгү унаа Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүк багытка бара жатып ошол эле багытка бара жаткан Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан Хундай-Портер үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан ары карама-каршы багыттагы Хонда Торнео машинасын сүзүп токтогон.
Жалпысынан 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада жол кырсыгынан 3 жаран жабыркап ооруканага "Тез жардам" унаасы менен жеткирилген.
Азыркы учурда бардык унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.