Орусияда салтка айланган "Өлбөс полк" жүрүшү 24-июнда өтүшү мүмкүн, ал эми 9-майда иш-чара онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, уюштуруучулар эпидемиологиялык кырдаал жакшырып, иш-чара кадимки форматта өтөт деп үмүттөнөт.
"Биз пандемияга байланыштуу абал жакшырат деп ишенип турабыз. "Орусиянын өлбөс полк" жүрүшүн кадимки форматта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойбуз. Уюштуруучулар 1945-жылы 24-июнда Жеңиш парады өткөнүн бул күн фашизмди жеңгендердин кайрадан жүрүшкө чыгышы үчүн ылайыктуу дата деп эсептейт", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 2020-жылы пандемиядан улам аталган жүрүш өтпөй калып, уюштуруучулар аны онлайн-форматка которушкан.