WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында айтылат.
Маалыматка караганда, компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди.
"Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Бирок алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт", - деп жазылат маалыматта.